БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда эреже бузган айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталып жатканын ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт жана Бишкек — Ош жолдорунда катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкеге чыккан учурлар көп болууда.
Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын алдын алуу максатында эреже бузуп айдагандар дрон менен аныкталып, аларга катуу чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.