Москвада эл аралык жаштар олимпиадасы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Москвада эл аралык жаштар олимпиадасы өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чараны "Жогорку экономика мектеби" улуттук изилдөө университети өткөрүүдө.
"Иш-чарага 25 жашка чейинки мектеп, гимназиянын 10-11-класстарынын окуучулары, колледж, кесиптик лицейлердин студент, курсанттары катыша алат", — деп жазылган маалыматта.
Олимпиаданын Бишкектеги бөлүгү 12-ноябрдан 16-ноябрь аралыгында өтөт. Каттоо уланууда.
Россотрудничество Кыргызстандагы мектептерге 3000 китеп берди