Захарова: Евразия — жогорку темпте өнүгүп жаткан мейкиндик. Видео

Россиянын Владивосток шаарында өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форуму бүгүн соңуна чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Евразия — учурда экономикалык өнүгүүнүн темпи жогору болгон мейкиндик. Мындай маанидеги билдирүүнү Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунда РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жасады.
"Бүгүн Евразия деген эмне? Бул жерде беш миллиардга чукул адам жашайт жана экономикалык өнүгүүнүн темпи жогору. Евразия мейкиндигинде Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюму, Евразиялык экономикалык биримдик жана Шанхай кызматташтык уюму бар. Маданий уютку менен өздүк салттар бул жерде сатылбайт жана алмашылып кетпейт. Алар коопсуздуктун элементи катары каралат", — деп айткан ал форумда сүйлөп жатып.
Бүгүн Россиянын Владивосток шаарында өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форуму соңуна чыгат. Ал Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин аянтчасында уюштурулган.
Sputnik — форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү.
Путин: Ырааккы Чыгыш РФ позициясын бекемдөөдөгү маанилүү фактор