Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча комиссиянын директору кызматынан бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Абдыкаров Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.
Президент дин жана диний уюмдар боюнча мыйзам долбоорун караган кеңешме өткөрдү