КР ТИМи "Талибан"* тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылганын тастыктады

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан "Талибанды"* тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарганын расмий тастыктады.
"Өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин "Талибан"* кыймылын Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө Афганстанда туруктуу жана тынчтыкты камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдоону улантып жатканы белгиленди.
*БУУнун санкциялары астында
Кремль Кыргызстандын "Талибан"* боюнча чечимин түшүнүү менен кабыл алат