Жыл башынан бери 100 миңдей балага сүйүнчү берилди

Министрлик бул үчүн 388 миллион 977 миң сом жумшаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жыл башынан бери "балага сүйүнчү" бир жолку төлөнчү жөлөк пул 96 934 балага берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, ушул жылдын сегиз айында министрлик мындай максатка 388 миллион 977 миң сом жумшаган.
Мекеме бөбөк төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4000 сомду түзөрүн эскертти. Ал эми бир мезгилде бир үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлсө ар бир балага 50 000 сомдон берилет.
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы кажет. Акча каражаты арыз берилген күндөн эки иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт. Жаран акча каражатын РСК жана "Айыл банктын" каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу зарыл", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Сүйүнчүнү алуу үчүн паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек.
"Жарандар арыз толтурууда телефон номерин туура көрсөтүүсү зарыл. Себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС-билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт", — деп кошумчалашкан мекемеден.
Радио
Ата-энеси жок балдар 500 миң сомдук депозитти кандай максатта колдоно алат?