ЖМК: америкалык медиа RT менен кызматташкан деген жүйө менен блогерди иштен алды

АКШ бийлиги "Кремль колдойт" делген ЖМКларда иштеген адамдарга виза берүүнү чектөө тууралуу жаңы саясатын да жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. RT жетекчилигине каршы санкциялар киргизилгенден бир күндөн кийин америкалык медиакомпания Blaze Media блогери Лорен Ченди жумуштан бошотту. Бул тууралуу британиялык жана америкалык басылмалар маалымдаганын РИА Новости жазды.
ЖМКлар Лорен Чен RT телеканалы менен кызматташып келген деп белгилешкен.
"Лорен Чен көз карандысыз подрядчы болчу, аны менен келишим токтотулду", — деген Semafor басылмасына Blaze Media медиакомпаниясынын башкы директору Тайлер Кардон.
Гезиттин маалыматы боюнча, Чен жана анын күйөөсү Лиам Донован — Tenet Media медиакомпаниясынын негиздөөчүлөрү. Британиялык Daily Mail басылмасы Чен 2021 жана 2022-жылы RT үчүн бир нече макалаларды даярдоого катышканын жазган.
Американын Daily Beast гезити Tenet Media ЖМКсынын негиздөөчүлөрүнүн аттары АКШда блогерлерди Россиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан каржылоо иши жөнүндөгү айыптоо бүтүмүндө аталганын маалымдаган. Бирок бүтүмдө алардын аты-жөнү толук айтылган эмес, Чен менен Донован андагы божомолдоого дал келип калган.
Эске салсак, 4-сентябрда Американын Финансы министрлиги "Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньянга, анын орун басарлары Антон Анисимовго, Елизавета Бродскаяга чектөө киргизген. Алардан тышкары, кара тизмеге RT телеканалынын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Андрей Кияшко, санариптик медиадолбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Константин Калашников жана дагы бир катар кызматкерлер кирген. Калашников менен RT кызматкери Елена Афанасьевага арам акчаларды адалдоо максатында бир кепке келип алышкан жана чет элдик агенттерди каттоо жөнүндөгү мыйзамды бузган деген айыптар тагылган.
Мамлекеттик департамент "Россия сегодня" медиатобунун жана анын туундуу компанияларынын иштөө шарттары катаалдашканын, макамын "чет элдик миссия" деп өзгөртүшкөнүн билдирген. Америка мыйзамы эми мекемени АКШда иштеген кызматкерлер жана алардын мүлкү тууралуу да маалымат берүүнү талап кылууда.
Муну менен катар эле АКШ бийлиги "Кремль колдойт" делген ЖМКларда иштеген адамдарга виза берүүнү чектөө тууралуу жаңы саясатын да жарыялады. Мамдепартамент бул жагдай кимдерге тиешелүү экенин тактоодон баш тарткан. Мекеменин расмий өкүлүнүн айтымында, бул Россиянын айрым журналисттерине эмес, чектөөгө кабылган уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине "Россия сегодня" медиатобуна каршы санкцияга жооп АКШнын Россиядагы ЖМКларынын маалымат жайылтуусуна чектөө киргизүү менен болорун билдирген. Ошол эле учурда ал Америкада мамлекеттик маалыматтык агенттиктердин жоктугунан улам аларга ылайыктуу жооп берүү мүмкүн эмес экенин да кошумчалаган.
"Жооп болот". АКШнын россиялык ЖМКларга салган санкциясы тууралуу