Ошто аялын жумушуна барып сабаган эркекти таяктап кетишкен. Видео

Жабыркаган аялга коргоо ордери берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ош шаарында эркек киши мурунку аялын жумушуна барып сабаганын Sputnik агенттигине калаанын Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя 3-сентябрь күнү болгон. Анда эркек киши ашканада ашпозчу болуп иштеген 32 жаштагы мурдагы аялынын жумушуна келип кол көтөргөн.

"Киши мурунку аялынан балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн сурай баштаган. Аял ага документтерди берүүдөн баш тартып, ортодо чыр чыккан. Мурдагы күйөөсү аялды уруп баштаган. Ызы-чууну уккан курулушчулар жабырлануучуга жардамга келип, күйөөсүн сабап салышкан. Ал учурда ооруканада жатат. Жабыркаган аял мурдагы күйөөсүнө, ал эми күйөөсү аны сабаган эркектерге каршы арыз жазды. Эки факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим чыгарылат. Жубайлар төрт жыл мурун ажырашып, төрт балалуу болушкан. Аялга коргоо ордери берилди", — деди милиция.

Үйдү билгенде өлтүрүп кетмек экен. Нарында күйөөсү бычактаган келин үн катты