Радио

Адис: накталай эмес төлөмдү жайылтуучу бир нече долбоор иштелип чыкты

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Абдраимов накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү үчүн мамлекет бир нече долбоор иштеп чыкканын айтты.
Sputnik
Накталай эмес каражаттарды которуу Кыргызстандын ичинде акысыз болот. Бул тууралуу Эрлан Абдраимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, саамалык Кыргызстандын ичинде гана иштейт.
"Бул токтом элдин ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан. Негизи накталай төлөмдөрдү азайтуу жана накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү багытында мамлекет тарабынан атайын программалар жүрүп жатат. Азыр көпчүлүк мобилдик тиркеме, электрондук капчыктарды колдонуп калышты. Бул сунуш күчүнө кирсе, мисалы, сизге миң сом которсом аны сиз толук аласыз, ошол эле учурда мен дагы ашыкча чыгым болбойм. Эң башкысы, бул долбоор элге сапаттуу банктык кызматтарды түзүү жана аларды накталай эмес төлөмдөргө кызыктыруу максатында иштелип чыкты. Эми коомдук талкуудан кийин дагы алымча-кошумча менен кабыл алынат", — деди Абдраимов.
Ал бул банктардын негизги операциясы эместигин, алар башка кызматтар менен дагы жетиштүү пайда табарын кошумчалады.