Жүргүнчү ташыган Бишкек — Москва поезд каттамы 2025-жылга чейин жанданат

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган Бишкек — Москва поезд каттамын 2025-жылга чейин жандандыруу пландалып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ведомство Бишкектен Москвага каттаган поезд каттамы ковидден улам чектөөлөр киргизилгендиктен токтоп калганын эске салды. Пандемиядан кийин Россиянын Самара шаарына темир жол каттамдары жанданган.
"Пандемиядан кийин Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо иштери башталып, Москвага жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин каттамдары Кыргызстанда гана эмес, КМШнын башка өлкөлөрүндө да токтогон", — деди министрлик.
2025-жылга карата жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу пландалууда.
Садыр Жапаров Бишкектен VIP-вагонго түшүп Балыкчыга сапар алды. Сүрөт