БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу маалыматты Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таратты.
Анда айдоочулук тажрыйбасы жок, эс албай, уктабай такси айдагандар көбөйгөнү айтылган.
"Акыркы учурларда унаанын техникалык абалын карабай, айдоочулук тажрыйбасы жок, тийиштүү документтерди чогултпастан тиркеме аркылуу туташып алып жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар көбөйүүдө. Буларга көзөмөл жок болгондуктан эмгек жана эс алуу режимдерин сактабай энергетикалык суусундуктарды ичип, чарчаңкы абалда суткалап уктабай жүргүнчүлөрдү кооптуу абалда ташып, кесепети жол кырсыктары менен коштолууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошондуктан ЖКККББ такси айдоочулары жол эрежесин бузса 0777 102-102 номерине кайрылууну сунуштады.