Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров Ош, Бишкек шаардык кеңештерин жана жети облустун жергиликтүү кеңештерин таркатты.
Эске салсак, буга чейин административдик-аймактык реформа жүрүп, натыйжада айыл аймактарынын саны кыскарган.
Маалыматка караганда, 484 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 33 шаардык кеңеш таркатылат. 17-ноябрда 249 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештери бар.
Президент ошондой эле шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Жергиликтүү кеңештин шайлоосундагы босого чек беш пайызга төмөндөтүлдү