Улуттук банк 22,5 млн. доллар сатып алса да чет элдик валютанын куну түшүүдө

Улуттук банк валютанын чайпалуусун алдын алуу максатында чет элдик валютаны сатып же сатып алат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кечээ, 5-сентябрда, Улуттук банк валюта рыногунан 22,5 миллион доллар сатып алды.
Эске салсак, августтун аяк жагында доллардын курсу түшө баштаган. Кечээ эртең менен сатуу 84,63 сом болсо, бүгүн 84,58ге жетти.
Банктардагы сатуу курсу 84,45тен 84,7 сомго чейин чыгып-түшүүдө (бейшембиде эң төмөнкү көрсөткүч 84,5 сом болчу).
Бул — Улуттук банктын күз мезгилиндеги биринчи интервенциясы. Жыл башынан бери финансылык көзөмөл орган 13 жолу доллар сатып алган жана беш жолу саткан.
Улуттук банк валютанын чайпалуусун алдын алуу максатында чет элдик валютаны сатып же сатып алат.
Улуттук банктын резерви дээрлик 4 млрд. долларга өстү