Министрлик: Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин 80%ы аяктады

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жарым жылда Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жумуштарынын 80 пайыздан ашыгы бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
"№1 гидроагрегаты ишке киргенден кийин Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарып, күз-кыш мезгилине калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздаганга өбөлгө түзүлүп, кубаттуулугуна кошумча дагы 60 мегаватт кошулат", — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ГЭСти оңдоп-түзөө иштери мартта башталган.
Жалал-Абадда Жапаров ишкерлерди ГЭС курууга чакырды