Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин кымбаттаган себептерин санады

Мекеме 7-августтан 5-сентябрга чейин уй этинин баасы 5,3 пайызга өскөнүн, тагыраагы, 544 сомдон 573 сомго чейин кымбаттаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин кымбатташына таасир эткен факторлорду санады.
Мекеме 7-августтан 5-сентябрга чейин уй этинин баасы 5,3 пайызга өскөнүн, тагыраагы, 544 сомдон 573 сомго чейин кымбаттаганын белгиледи.
"Сатуучулар баанын кымбатташын малдын жана эттин кошуна өлкөлөргө экспорттолуп жатышы менен байланыштырды. Бул ички рынокто тартыштык жаратууда. Ошондой эле баага сезондук факторлор да таасир этиши мүмкүн. Фермердин көбү малын бордоп семиртүүгө жиберип, ошондуктан союла турчу мал аз болууда. Ошондой эле күзүндө той-аш да көп болуп, этке, өзгөчө уй, кой этине суроо-талап өсөт", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, соңку убакта эт кымбаттап кеткени айтыла баштаган. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев да эттин кымбаттаганын тастыктап, бирок бааны "мамлекеттик жөнгө салууга негиз жок" экенин айткан. Ал эми Айыл чарба министрлиги "кооптонууга негиз жок экендигин" белгилеген.
Буга утурлай эле биз Бишкектин үч базарын кыдырып, эттин баасын салыштырып көрдүк.
Ал арада Айыл чарба министрлиги ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө мал экспортун убактылуу токтотту. Бирок мындай чектөө электрондук системада малдын идентификациясын иретке келтирүү максатын көздөй турганын билдирген.
Радио
Кыргызстан Кытайга эт экспорттоону пландап жатат