Инспектор кишини жаткырып алып сабаган видеого Кайгуул милиция түшүндүрмө берди

Тартип сакчылар Ганди көчөсүнөн Nissan унаасы токтотушкан, бирок айдоочу качып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Активист Болот Ибрагимов инспекторлор кишини жаткырып алып сабап жаткан видеону жарыялады.
Видеодо мастай көрүнгөн эки адам милиция кызматкерлерин сөгүп, аларга каршылык көрсөтүп жатканын байкоого болот. Тартип сакчылар аны жерге жыгып, бир нече ирет муштаган.
Милициянын кайгуул кызматы бул боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, окуя 3-сентябрда болгон. Тартип сакчылар Ганди көчөсүнөн Nissan унаасын токтотушкан, бирок айдоочу качып кеткен. Инспекторлор артынан айланма жолго чейин кууп, май куйган бекеттен жетишкен. Мастай көрүнгөн айдоочу менен жүргүнчүсү каршылык көрсөткөн.
Тентектер самбонун ыкмасы менен кармалып, айдоочуга протокол түзүлүп, жүргүнчүсү үч суткага камалганы белгиленди.
Жеңил машина жана мопед айдаган экөө мушташа кетти. Бишкектен тартылган видео