Кыргызстан ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө мал экспортун убактылуу токтотту

Малды сыртка чыгарууга чектөө 15-20 күнгө киргизилери болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстан үчүнчү өлкөлөргө (ЕАЭБге мүчө эмес) малдын экспортун убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө электрондук системада малдын идентификациясын иретке келтирүүгө байланыштуу киргизилип жатат.
"Үчүнчү өлкөлөргө ири мүйүздүү мал, майда жандык жана жылкы экспортоого уруксат берүү убактылуу токтотулду. Бул чара малдын так эсебин аныктоо, ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышын күчөтүүгө багытталган. Мындай кадам ички рынокто жана эл аралык өнөктөштөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Инвентаризация 15-20 күнгө созулуп, ушул мезгилде берилген арыздар инвентаризация бүткөн соң артыкчылыктуу тартипте каралары кошумчаланды.
Эттин баасы асман чапчыды. Бишкектин базарларынан репортаж