БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өлкөгө алгачкы Bombardier Dash 8 Q400 учагы алып келинди.
Аба кемесин "Манас" аэропортунан "суу аркасы" менен тосуп алышты. Салтанатта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир айдын ичинде дагы бир аба учак, келерки жылы дагы экөө алынарын айтты.
Аталган самолеттер Канададан чыгарылып, 80 адамга ылайыкталган. Бийлик бул аба транспорту өлкө ичиндеги каттамдарды аткарарын айтып келет.