Акылбек Жапаров Афганстан элчилигинин өкүлү менен жолугушту

Тараптар соода-экономикалык алаканы, транспорттук байланышты, кен иштетүү, энергетика, өндүрүш, айыл чарба багытында кызматташууну кеп кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Афганстан бийлигинин Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Нурулло Амин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланган.
Жапаров кыргыз тарап Афганстан менен соода-экономикалык алаканы, транспорттук байланышты жакшыртууга жана кен иштетүү багытында иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле энергетика, өндүрүш, айыл чарба багытында кызматташуу келечеги боюнча кеп козголду.
Нурулло Амин жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты жакшыртууга үмүт артты.
Бул жолугушуу Кабулдун "Кыргызстан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды" деген маалыматына утурлай эле өттү. Жакында эле Башкы прокуратура өлкөдө тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын тизмесин жарыялаган. Анда аталган кыймыл жок болуп чыккан. Расмий Бишкек бул боюнча үн ката элек.
"Талибандын"* саясий бюро башчысы: Афганстан коопсуз жана туруктуу болуп калды