Кремль Кыргызстандын "Талибан"* боюнча чечимин түшүнүү менен кабыл алат

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кремль кыргыз бийлигинин "Талибан"* кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин туура түшүнөт. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мунсуз кандайдыр бир байланыш түзүү мүмкүн эмес. Алар менен байланышты үзүп койгон дагы болбойт. Ошондуктан биз мындай чечимди түшүнүү менен кабыл алабыз", — деди Песков.
Бүгүн, 6-сентябрда, Кыргызстан "Талибанды"* террордук уюмдардын тизмесинен чыгарганы кабарланган.
*БУУнун санкциялары астындагы уюм
Акылбек Жапаров Афганстан элчилигинин өкүлү менен жолугушту