Илон Маск Евробиримдик демографиялык кризиске кептелерин айтты

Франциянын Статистика жана экономикалык изилдөөлөр улуттук институту өлкөдө баланын төрөлүүсү улам азайып, 2024-жылдын антирекордун жаңылаганы тууралуу отчет жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Евробиримдик демографиялык кризиске кептелет деген пикирде. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бизнесмен мындай оюн Евробиримдик аймагында төрөлүүнүн саны кыскарып, 1960-жылдан берки рекорддук чекке жетти деген Х соцтармагындагы материалга комментарий жазып жатып калтырган.
"Баланын төрөлүшү барган сайын азаюуда. Калктын саны кыскарат, мындан кыйгап өтүү мүмкүн эмес", — деген миллиардер.
Маск буга чейин эгер демографиялык абалды жакшыртуу боюнча кескин чаралар көрүлбөсө көптөгөн мамлекеттер жок болуп кетерин билдирген эле.
Ал эми Франциянын Статистика жана экономикалык изилдөөлөр улуттук институту өлкөдө баланын төрөлүүсү улам азайып, 2024-жылдын антирекордун жаңылаганы тууралуу отчет жарыялаган.
Илон Маск АКШ массалык ачкачылыкка кабыларын боолголоду