Радио

Эл чогултуп диний түшүнүк бергендер эми "насаатчы" күбөлүгүн алышы керек болот

Президентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов өлкөдө дин тутунууну жөнгө салуу боюнча сунушталып жаткан мыйзамдар пакетинин максаты тартипке келтирүү экенин айтты.
Sputnik
Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору биринчи кезекте коомдун өзүнүн коопсуздугу жана салттуу диндерди бекемдөө максатын көздөйт. Ошондуктан биз "насаатчы" (проповедник) деген жаңы терминди киргизип жатабыз. Бул тууралуу Айбек Иминов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, насаатчыларга атайын күбөлүк берилет.
"Өлкөдө дин тутууну жөнгө салуу багытында сунушталып жаткан мыйзамдар пакети бүгүн эле чыга калган жок. Тактап айтсак, иштер 2015-жылы башталган. 2016-2020-жылдарга карата "Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты" концепциясы кабыл алынган. Ушундай эле концепция 2021-2026-жылдарга да бар. Ошол документтерде мыйзамдарды жаңылоо тапшырмасы коюлган. Учурда сунушталып жаткан жаңы мыйзам жана иштеп жаткан мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү мына ушул мамлекеттик саясаттын негизинде жүрүүдө. Анда биринчи кезекте жарандардын дин тутунуу эркиндигин сактоо менен коомдун коопсуздугун, салттуу диндерди ар кандай коркунучтардан коргоо максаты турат. Ошондуктан эми "насаатчы" деген термин кирүүдө. Насаатчы — бул диний билим берген мугалимдер эмес, бирок динге түшүндүрмө берип, эл жыйып диний темаларда сүйлөп, дин боюнча калктын суроолоруна жооп берген адам. Мыйзамда аларга "насаатчы" күбөлүгүн берүү каралууда. Документ бир жылга жарактуу болот. Андан соң узартып турат. Атайын аттестациядан өтөт. Аттестациядан өтөрдө ошол ишмердүүлүк жүргүзгөн бир жыл ичинде туура эмес иштерди жасаган-жасабаганы, мыйзам бузган-бузбаганы эске алынат. Насаатчылардын күбөлүгү өз аймагында гана жарактуу болот. Мисалы, Бишкектен алса ал насаатчылыгын ушул шаарда гана жүргүзө алат", — деди Иминов.
Ал насаатчы болууну каалагандардын диний жогорку билими болушу шарт экенин кошумчалады.