Желектин автору Бекбосун Жайчыбеков дүйнөдөн кайтты

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын желегинин авторлорунун бири, сүрөтчү Бекбосун Жайчыбеков каза болду. Маалыматты Маданият министрлиги тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, ал катуу ооруп жаткан. Министрлик маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-сентябрда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөрүн билдирди.
КР Эл сүрөтчүсү, Даңк медалынын ээси Жайчыбеков 76 жашта болчу.
Ал 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылында төрөлгөн. 1972-жылы Алматы көркөм сүрөт училищесин, кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган.
Улут сыймыгы, нагыз элдик жазуучу. Мелис Абакировго жазылган бийликтин некрологу