Өкмөт башчы мамлекеттик цирк кандай оңдолуп жатканын көрдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик цирк кандай оңдолуп жатканын көрдү.
Премьерди калаа мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Алтынбек Максутов коштоп жүрдү. Цирктин директору Рыскулбек Боромбаев аренадагы отургучтар Москвадан сатып алынганын айтты.
Оңдоп-түзөө иштерин Жаңы жылга чейин бүтүрүү пландалууда.
Эске салсак, 2023-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров циркти оңдоо иштери башталганын жана имаратты капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын билдирген.
Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы "Манас" аэропортуна конду