Кыргызстандагы логистикалык борборлордун абалы. ЕАЭБдин талаптарына жооп береби?

Sputnik
Кыргызстанда 33 чоң логистикалык борбор бар. Ал эми 400дөйү майда кампалар. Бүгүнкү күндө алардын иштеп жатканын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүлүп турат. Жашылча, мөмө-жемиш, дан азыктарын сактоочу жайлар бөлүнөт. Булардын ар бирине өзүнө ылайыктуу кампа курулат. Курууда ЕАЭБке чыгып соода жүгүртүп жүргөндөр ЕАЭБдин талаптарын сактаганга аракет кылышат. Сырткы рынокторго жооп берген малдар боюнча ветеринардык, өсүмдүк боюнча карантиндик кызматттар бар.
Ошондой эле сатып алып жаткан өлкөдөн да эксперттер келери тууралуу кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин жетекчиси Мухтар Чыналиев билдирди.