Окшош каштар, жасалма кирпиктер. Сулуулук стандарттарын ким аныктайт же жасалмалуулуктун ден соолукка таасири

Sputnik
Ар бир аял заты сулуу болгусу келет. Учурда замандын талабына жараша окшош каштар, жасалма кирпиктердин түрлөрү арбыды. Аны менен катар ыкмалары да көбөйдү. Бирок соңку жылдары кыздар табигый сулуулукка көңүл буруп башташты. Мисалы, кирпикти өзүнүкүнө эле окшоштуруп кыска жасатышууда. Кирпик өстүрүүнү биринчи жолу япониялык визажист Шу Уемура ойлоп тапкан. Күнүгө ырчыларга кирпик таккандан тажаган. Ал эми кашты визажисттер адамдын бетинин түзүлүшүнө карап тартып коюашт. Кашты бирок аябай ойлонуп, формасын келбетине жарашыктуу тандап жасатуу керек. Анткени ал 1-1,5 жыл сакталат.
Бул популярдуу процедуларды өнөкөт оорулары барлар жана кош бойлуу кезде жасатууга болбоорун перманент макияжы боюнча мастер Элида Замирова айтып берди.