Зомбулукка кабылгандар укук коргоо органдары карабай койгондо анан бизге кайрылат

Sputnik
Социалдык тармакта зордук-зомбулукка байланышкан маалыматтарга абдан көңүл бурабыз. Атайын арызды күтүп отурбастан дароо тийиштүү иштер жасаларын Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди. Анын айтымында мурунку жылдарга салыштырганда 2024-жылы өлкөдө зордук –зомбулук 20 пайызга өскөн. Акыйатчы буга ар кандай фактор себепчи болорун айтты. Ошол эле учурда кыз-келиндерди укуктук жактан агартуу иштери жүрүү керектигин белгиледи. Анткени нике күбөлүгүнүн маанисин жана алимент өндүрүүнүн жол-жобосун билбеген аялдар да көп. Ошол эле учурда эркектердин жоопкерчилигин да көтөрүү керек.