ЖККУнун "Аска – 2024" машыгуусунда Кыргызстандын куткаруучулары 3-орунду ээлешти

Куткаруучулар жабырлануучуну тоо боорунан жана уранды алдынан ыкчам алып чыгуу аракетин көрсөтүп, күч сынашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандын куткаруучулары ЖККУнун "Аска – 2024" машыгуусунда 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кыргызстандын куткаруучулары ЖККУнун "Аска – 2024" машыгуусунда 3-орунду ээлешти

2 / 3

Билдирмеге караганда, машыгуу Алматы шаарында өтүп, ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын куткаруучуларынан турган командалар катышкан

3 / 3

Алматы шаарында ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши да өтүп, ага ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев катышкан

Билдирмеге караганда, машыгуу Алматы шаарында өтүп, ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын куткаруучуларынан турган командалар катышкан.
"Куткаруучулар жабырлануучуну тоо боорунан жана уранды алдынан ыкчам алып чыгуу аракетин көрсөтүп, күч сынашкан. Жыйынтыгында 1-орунду Казакстан, 2-орунду Беларусь, 3-орунду Кыргызстан, 4-орунду Россия, 5-орунду Тажикстан өлкөлөрү алган", — деп жазылат билдирмеде.
Алматы шаарында ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши да өтүп, ага ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев катышкан. Жыйында 2024-жылга карата кабыл алынган өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы пландын аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, ушундай эле план 2025-жылга кабыл алынып, протоколго кол коюлган.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскер контингенти Кыргызстанга машыгууга келишти