Садыр Жапаров жаратылыш жана транспорт министрлерин кызматка дайындады

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология, техникалык көзөмөл жана Транспорт министрлигинин жетекчилерин дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жаратылыш ресурстары министрлигин Медер Машиев, Транспорт министрлигин Абсаттар Сыргабаев жетектемей болду
Жаратылыш ресурстары министрлигин Медер Машиев, Транспорт министрлигин Абсаттар Сыргабаев жетектемей болду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
2-сентябрда президенттин жарлыгы менен Медер Машиев жаратылыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин министрдин орун басары – Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын директору болуп иштеген.
Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды