Путин: Ырааккы Чыгыш РФ позициясын бекемдөөдөгү маанилүү фактор

Путин аймак ишкердик демилгелерди алып чыгууда жаңы тармактарды түзүү үчүн кенен мейкиндик экенин баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ырааккы Чыгыш Россиянын дүйнөдөгү позициясын бекемдөөдөгү эң маанилүү факторлордон болду. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык сессиясында сүйлөп жатканда айтты.
"Негизи бүгүн Ырааккы Чыгыш чындыгында Россиянын дүйнөдөгү позициясын бекемдей турган эң маанилүү факторлордон болду", — деди Путин.
Россия президенти муну менен катар эле бул жер учурда Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттердин келечектүү жана өсүп келе жаткан рынокторуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгүн берерин белгиледи.
"Негизги ишкердик байланыштар, соода жолдору, дегеле өнүгүүнүн жалпы нугу негизинен Чыгышка жана дүйнөлүк Түштүккө карап, багыт алып турат. Биздин алыскы Чыгыш аймактарыбыз өсүп жаткан келечектүү рынокторго түз жол ачат, Батыштын айрым элиталары дүйнөгө таңуулоого аракет кылып жаткан тоскоолдуктарды жеңүүгө мүмкүндүк берет", — деп кошумчалады ал.
Путин Ырааккы Чыгыш ишкердик демилгелерди алып чыгууда, эң татаал долбоорлорду ишке киргизүүдө жана жаңы тармактарды түзүү үчүн кенен мейкиндик экенин баса белгиледи.
Владивосток шаарындагы Чыгыш экономикалык форуму 6-сентябрга чейин болот. Эске салсак, иш-чаранын негизги темасы — "Ырааккы Чыгыш – 2030"
Sputnik — аталган форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү.
Россия менен Кытайды байланыштырган биринчи автокөпүрө ачылды. Видео