Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинанын атайын операция жүрүп жаткан жерлердеги күчү алсырады

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Атайын аскердик операция жүрүп жаткан аймактарда душман негизги позицияларын начарлатты. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал орус аскерлери баатырларча салгылашып жатканын белгиледи.
"Душман негизги багыттарда алсырады. Биздин аскерлер чабуул коюу операцияларын тездетишти", — деди РФ президенти.
Путин Батыш Россияны чөгөлөтүп, ыдыратабыз деп ойлогондугун, бирок анысы ишке ашпай калганын белгиледи. Ал ошондой эле украин жетекчилигинин аракеттерине да комментарий берди.
"Жонсон (Борис Жонсон, Британиянын экс-премьер-министри – ред.) келип "кереги жок, акыркы украиналыкка чейин салгылашкыла" деген. Ошентип алар дагы деле күрөшүп жатышат", — деди ал.
Путин Киев жетекчилиги элин ойлобой турганын, алар өздөрүн асмандан түшкөндөй же болбосо чет элден келгендей алып жүргөнүн белгиледи.
Sputnik — аталган форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү.
Путин: Ырааккы Чыгыш РФ позициясын бекемдөөдөгү маанилүү фактор