БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Токмок шаарында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, бакчанын базар баасы 920 миллион сомду түзөт.
"Текшерүү учурунда Токмок шаарындагы эки кабаттуу бала бакча 1996-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, азыркы тапта максатсыз пайдаланылып жаткандыгы аныкталды. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин эске алуу менен аталган комплекс Токмок шаарынын мэриясынын балансына өз багыты боюнча пайдалануу үчүн берилди", — деп айтылат маалыматта.
Бакчанын жалпы аянты 6900,5 чарчы метрди түзөт.