Рада Украина ТИМинин башчысы Кулебаны отставкага кетирди. Зеленский себебин айтты

Кулеба министрлик кызматты 2020-жылдын мартынан тарта аркалап келди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Украина парламенти өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Кулебаны отставкага кетиргенин депутат Ярослав Железняк Telegram каналы аркылуу билдирди.
Буга чейин Жогорку Раданын төрагасы Руслан Стефанчук Кулеба иштен кетүү боюнча арыз жазганын билдирген. РБК-Украина өзүнүн маалымат булактарына таянып Кулеба кызматынан кеткен соң Брюсселге элчи болуп дайындалышы мүмкүн экенин жазды.
Радага ТИМ башчылыгына министрдин орун басары Андрей Сибиганы дайындоо боюнча сунуш киргизилди.
Ал арада Владимир Зеленский "Слуга народа" фракциясынын жыйынында отставканын себебин түшүндүрүп берген. Анын айтымында, Кулебага "куралдын ташылышын камсыздоого күч-кубат жетпей жатат".
Эскерте кетсек, Кулеба министрлик кызматты 2020-жылдын мартынан тарта аркалап келди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын министрин Польшадан кууп чыгууну талап кылып жатышат