Таксисттер менен курьерлер 1-январга чейин ККМ колдонуудан бошотулат

Салык төлөөчүлөр үчүн ККМди колдонуу бөлүгүнө бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда таксисттер менен курьерлер 2025-жылдын 1-январына чейин кассаны көзөмөлдөөчү машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин 23-августтагы токтомуна ылайык, салык төлөөчүлөр үчүн ККМди колдонуу бөлүгүнө бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, таксисттер менен курьерлер 1-январга чейин ККМден бошотулат.
"Мындан тышкары, интернет аркылуу товар саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ККМди колдонбосо болот", — деди Салык кызматы.
Ошондой эле контролдук-кассалык машиналарга аванстар жана кредиттер боюнча эсептөө функцияларын киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына чейин узартылганы белгиленди.
Мурда ККМди пайдалануудан бошотулган окуу жайлардын ашканалары, буфеттери, кол өнөрчүлүк өндүрүштүн (элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш) продукциясын сатуу менен алектенген субъектилер ушул токтом кирген учурдан тарта, тагыраагы, 2024-жылдын 14-сентябрынан баштап, ККМди колдонууга милдеттүү болот.
Салыкчылар Бишкек соодагерлерин ККМ, ЭТТК боюнча окутат. Убактысы