Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөн эч качан баш тарткан эмес

Россия лидери чатак эмнеден башталгандыгын эске салып, бирок анын себептерине токтолуунун кереги жоктугун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Украина боюнча сүйлөшүү маселесине келгенде Россия эч качан баш тарткан эмес. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык сессиясында сүйлөп жатканда айтты.
"Алар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даярбызбы? Биз кандайдыр бир убактылуу талаптардын эмес, Стамбулда макулдашылып бекитилген документтердин негизинде буга эч качан каршы болгон эмеспиз", — деди ал.
Путин Россия Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун Украинага жасалган сапарына чейин эле Киев менен мүмкүн болгон тынчтык сүйлөшүүлөр боюнча бардык чектерге жеткенин билдирди.
"Жонсон келип "кереги жок, акыркы украиналык калгыча согушкула" дегенден бери кармашып келе жатышат", — деди Путин.
Россия президенти Киев бийлиги өзүнүн эли туурасында ойлобостугун белгиледи. Анын пикиринде, аскерге чакырылчулар боюнча жаш ченемди улам ылдыйлатып, балдарды да алып жатышат.
Путин азыркы согуш Киевде 2014-жылы болгон кандуу төңкөрүштөн тарта башталганын, анын себептерине токтолуунун кереги жоктугун айтты.
"Дайыма адам укугу, эл аралык укуктардын принциби деп саймедирей беришет, ал эмне? Конституцияга каршы чыккандык, мамлекеттик кандуу төңкөрүш. Бул элдин бир бөлүгүнүн мамлекеттик төңкөрүшкө макул болбой каршы чыгып, өзүнүн укугу үчүн күрөшүүсүнө алып келди. Ушунун баары бүгүнкү согушту чыгарды", — деп белгилеген президент.
Владивосток шаарындагы Чыгыш экономикалык форуму 6-сентябрга чейин болот. Эске салсак, иш-чаранын негизги темасы — "Ырааккы Чыгыш – 2030".
Sputnik — аталган форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Киев менен сүйлөшүүлөр Стамбул келишимдеринин негизинде болушу мүмкүн