Путин: АКШ акылсыз аракеттери менен доллардан баш тартууга түрткү болууда

Россия лидери айрым валюталарды колдонууга артыкчылыктардын берилиши мыйзам ченемдүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. АКШ акылсыз аракеттери менен доллардан баш тартууга түрткү болуп, өлкөлөр улуттук валютага өтүүдө. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык бөлүгүндө билдирди.
Анын айтымында, экинчи дүйнөлүк согуштун экономикалык жыйынтыктарын АКШ ийгиликтүү колдонуп, долларды бирдиктүү валюта кылган.
"Азыр дүйнөлүк экономикада кырдаал өзгөрүүдө. Учурда "Глобалдык Түштүк" өлкөлөрү дүйнөлүк ИДПнын 50 пайыздан ашыгын, ал эми БРИКС ааламдагы экономиканын үчтөн бир бөлүгүн түзөт", — деди Путин.
Россия лидери айрым валюталарды колдонууга артыкчылыктардын берилиши мыйзам ченемдүү экенин белгиледи.
"АКШнын финансы жана саясий бийлиги өздөрүнүн шалаакылыгы, кесипкөй эмес жана келесоо аракеттери менен бул процессти эртелетүүгө түрткү болушууда. Ката кетиргенин алар деле түшүнө башташты, бирок кемчиликтерин моюнга алууга беттери чыдабай жатат... А биз болсо улуттук валютада соодалашууга өтүүдөбүз", — деди ал.
РФ лидери АКШдагылар аларда (Россияда) баары кыйрайт деген ой менен доллар колдонууга чектөө киргизсе керек деп боолголоду.
Путин: Ырааккы Чыгыш РФ позициясын бекемдөөдөгү маанилүү фактор