Радио

Ысык-Көлдө ревматологдордун VII евразиялык конгресси өтөт

Ревматолог Махабат Джетыбаева Кыргызстанда ревматологиялык оорулардын диагнозун аныктоо кыйын экенин айтты.
Sputnik
6-7-сентябрда Ысык-Көлдө Ревматологдордун VII евразиялык конгресси өтөт. Бул тууралуу Махабат Джетыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген алдыңкы профессорлор катышары күтүлүүдө.
"Ревматологиялык оорулардын диагнозун аныктоо кыйын. Ар кайсы багыттагы медиктердин жардамы керек. Ошондуктан бардык дарыгерлер ревматологиялык оорулар жөнүндө маалымат алышы үчүн ревматологдордун конгрессин уюштуруп жатабыз. Дарттын белгилери байкалары менен дароо бизге консультацияга жөнөтүлгөн бейтап убагында дарыланып, алдын ала алат. Быйылкы конгресс "Чек арасыз ревматология" деген ураан менен өтөт. Максаты неврология, иммунология, эндокринология, пульмонология, кардиология, ортопедия жана башкалар кошулуп медицинанын ар кандай дисциплиналарын интеграциялоо болуп саналат. Иш-чарага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн алдыңкы эксперттери, профессорлору келет. Илимий баяндамалар, лекциялар окулат. Бул изилдөөчүлөр, окутуучулар, практикалык жана үй-бүлөлүк дарыгерлер, ошондой эле жаңыдан иштеп баштаган ревматологдор үчүн маанилүү, пайдалуу болот. Иш-чарага адистигине карабай бардык дарыгерлер, ревматологиялык оору менен жабыркагандар келсе болот", — деди Джетыбаева.
Ал конгресс 2012-жылдан бери өткөрүлүп келерин, бул жолу Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен "Кыргыз ревматология ассоциациясы" уюштуруп жатканын кошумчалады.