Радио

Бильярд боюнча рейтингде Кыргызстан Россиядан кийинки экинчи орунда турат

Бильярд спорту боюнча КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев өлкөдө бильярдга кызыккандардын саны көп болгону менен профессионалдык деңгээлде ойногондор аз экенин айтты.
Sputnik
Орус бильярды боюнча Алматы шаарында ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты өттү. Ага жалпы тогуз мамлекеттен келген 134 спортчу катышты. Бул тууралуу Каныбек Дүйшөбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө ардагерлер арасындагы бильярд мелдештеринин деңгээли өтө жогору.
"Жакында эле орус бильярды боюнча Алматы шаарында ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты өттү. Ага жалпы тогуз мамлекеттен келген 134 спортчу катышып, Кыргызстандын тарыхында 60 жаштан жогорку курактагылар арасында алгачкы дүйнө чемпиону болдум. Мен өзүм курама команданын мүчөлөрүн машыктырып, аларга кеп-кеңеш берип келем. Бирок бул мелдеште алар мага колдоо көрсөтүп багыт берип турушту. Негизи бул турнирге мурда кесипкөйлөр арасында дүйнө чемпиону болуп, көптөгөн ири мелдештерди жеңип жүргөндөр келишти. Орус бильярды КМШ өлкөлөрүндө абдан популярдуу. Учурда биздин спортчулар россиялыктардан кийин эле турат. Албетте, бул көрсөткүч улам алмашып келет. Бизде бильярдга кызыккандардын саны көп болгону менен профессионалдык деңгээлде ойногондор аз", — деди Дүйшөбаев.
Ошондой эле ал орус бильярды боюнча рейтингде кыргызстандык спортчулар Россиядан кийинки экинчи орунда турарын кошумчалады.