Адамзат өзүн туңгуюкка кептеди: антибиотикке туруктуу бактериялар тууралуу

Акыркы жылдары эттин курамында да антибиотиктер кездешип, көйгөй жаралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. – Sputnik. Жыл сайын дүйнө жүзүндө беш миллион киши антибиотикти тоготпогон микробдордон көз жумат, эксперттердин божомолунда бул сан 10 миллионго чейин жетмекчи. Мындай маселеге Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко "ЕАЭБ мамлекеттериндеги биокоопсуздук" деп аталган Москва — Астана — Минск — Ташкент видеокөпүрөсүндө токтолду.
Анын айтымында, бул көйгөй окумуштууларга СССРден бери белгилүү. 1960-жылдары антибиотиктерди тоготпогон штаммдардын циркуляциясына байкоо салып, каттоону жолго салуу чечими кабыл алынган. Соңку жылдары көйгөй курчуду. Себеби камырабаган пациенттер, дарылоону аягына чыгарбагандар, тагыраагы, абалы жакшы болору менен дарыны аягына чейин сайдырбай же ичпей таштап салгандар арбыды. Буга эт продукцияларына, маселен, 45 күн ичинде салмак кошуп калыш үчүн жөжө кезинде тамагына антибиотик менен гормонду шыкап бергендердин көбөйгөнү себеп.
Академик, мындан сырткары, онкологиялык ооруларды дарылоодогу химиялык терапияны антибиотиктер коштой турганын кошумчалады.
"Адамзат өзүн туңгуюкка кептеди. Окумуштуулар антибиотиктердин бешинчи муунуна чейин жетти. Бүгүн антибиотиктердин жаңы муунун табигый жол менен жасоо мүмкүнчүлүктөрү түгөндү. Жакында ириңдеген жараны эмне менен дарылоону билбей калган абалга жетебиз. Жылына беш миллион киши микробдон, кабылдаган жарааттан каза таап жатат. Божомолдорго таянсак, микробдор антибиотиктерди тоготпой, ага туруктуу болуп калган көмүскөдөгү бул пандемиядан өлгөндөр жылына 10 миллион адамга жетет", — деди Онищенко.
Окумуштуу 26-сентябрда антибиотиктер жардам бере албай калган маселе Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо маселеси боюнча атайын сессиясында талкууланарын айтты.
Радио
Ашыралиева: организмдин антибиотикке туруктуулугунан адам өлүп да калат