"Манас" аэропортунда бомба коюлганы кабарланып, эл эвакуацияланып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортунда бомба бар деген маалыматтан улам эл эвакуацияланууда. Маалыматты аба майдан тастыктады.
Белгиленгендей, жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү бүгүн саат 17:00дөр чамасында электрондук дарекке түшкөн.
"Учурда аэропорттун кызматкерлерин жана жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо иштери жүрүп жатат", — дешти аэропорттон.
Бомба тууралуу кабардан улам Чүй облусундагы бардык соттор эвакуацияланды