ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскер контингенти Кыргызстанга машыгууга келишти

Меймандарды Балыкчыдан салтанаттуу тосуп алышты, учурда жайгаштырып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россия, Казакстан, Беларусь жана Тажикстандын аскерлери Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар ЖККУнун окуу-машыгууларына катышат. Меймандарды Балыкчыдн салтанаттуу тосуп алышып, жайгаштырышууда.
Эске салсак, ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү — 2024", "Издөө — 2024", "Эшелон — 2024" атайын машыгуулары 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин №20636 аскер бөлүгүндө болот. Ага 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиация жана деңиз кемелери тартылары күтүлүүдө. Иш-чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУ катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.
Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына даярдыктар көрсөтүлдү. Сүрөт