Президент дин жана диний уюмдар боюнча мыйзам долбоорун караган кеңешме өткөрдү

Жыйынга мамлекеттик катчы, УКМК төрагасы, дин аалымдары, эксперттер жана башкалар катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциядагы долбоору боюнча кеңешме өттү.
1 / 3

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциядагы долбоору боюнча кеңешме өттү

2 / 3

Жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, дин ишмерлери жана башкалар катышты

3 / 3

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчы мыйзамды иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин белгилеп, дин аалымдарын мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү киргизүүгө чакырды

Жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, дин ишмерлери жана башкалар катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчы мыйзамды иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин белгилеп, дин аалымдарын мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү киргизүүгө чакырды. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу маселеси көңүл борборунда болушуна, диний ишмерлер жамаатташпай биримдикте иш жүргүзүүсү керектигине көңүл бурду.
Жыйынтыгында сунуштар эске алынып, мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.
Эксперт: мыйзам исламды, мусулмандарды коргоого багытталган