Үч чоң шаарда медиктерге ишке унаа айдап баруудан баш тартуу сунушталды

Жол тыгынга байланыштуу жеке унаалардан баш тартуу боюнча чакырыктар буга чейин да айтылып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддагы дарыгерлерге жумушка жеке унаа менен барбоону сунуштады.
Жол тыгынына байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарынын бардык жетекчилерине кат жөнөтүлгөн. Департамент бул жөн гана кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ экенин белгиледи.
Жол тыгынга байланыштуу жеке унаалардан баш тартуу боюнча чакырыктар буга чейин да айтылып келген. Алсак, Бишкек мэри кол алдындагыларга шейшемби жана бейшемби күндөрү жеке унаа айдап жүрүүгө тыюу салган. Андан тышкары, Эмгек жана Жаратылыш министрликтеринин аппарат кызматкерлери дагы коомдук унаа менен ишке келип жатканын билдиришкен.
Бишкек мэриясы жол тыгыны менен күрөшүүнүн радикалдуу жолун сунуштады