Унаа капотунда сүйрөлгөн инспектор. Шектүү айдоочу кармалды. Видео

25 жаштагы шектүү бүгүн кармалып, "Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча иш козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Инспекторду машинасынын капотунда сүйрөп, из жашырып кетти делген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 4-сентябрь кечке жуук Дордой-1 жаңы конушунда болгон.
"Инспектор жол жээгинде бензин сатып жаткан кишини байкап калган. Милиция кызматкеринин талаптарына баш ийбей, аны сүзүп, капотуна сүйрөп туруп качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
25 жаштагы шектүү бүгүн кармалып, "Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча иш козголду.
Нарында күйөөсү бычактап жаткан аялды кантип куткарышкан. Видео