БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Депозиттерди коргоо агенттигинин фонду 6,8 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Кадырбек Букуев билдирди.
Маалыматка ылайык, 8 айдын жыйынтыгы боюнча депозиттерди коргоо фонду 911,7 миллион сомго же 15,6 пайызга көбөйгөн.
"Натыйжада Депозиттерди коргоо агенттигинин жалпы фонду 6,8 миллиард сомду түздү", — деп айтылат кабарда.