ЕАЭБде 10 жылдан ашык колдонулуп келген чектөөлөр алынды

Улуттук экономикалык операторлор ташыган айрым товарларга жеңилдиктерди колдонууга жол бербей келген чектөө алып салынды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. ЕАЭБде акциздик товарларды жеңилдетип ташууга тоскоолдук жараткан Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылы 18-июнда кабыл алган чечими күчүн жоготту. Тиешелүү чечимди ЕЭК коллегиясы кабыл алганын уюмдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чектөөлөр улуттук экономикалык операторлор ташыган айрым товарларга жеңилдиктерди колдонууга жол бербей келген жана 10 жылдан бери колдонулууда.
"Чектөөнү алып салуу улуттук экономикалык операторлор институтун өнүктүрүүгө, импорттун чыгымдарын кыскартууга жардам берет. Логистикалык татаалдыктарга байланышкан макроэкономикалык туруксуздук учурунда бул бизнести колдоо ыкмаларынын дагы бир жолу", — деди ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Элдар Алишеров.
Улуттук экономикалык операторлор — бажы операцияларын оңой жүргүзө ала турчу ишенимге кирген компания же адамдар. Аларга күбөлүгүнүн түрүнө жараша кампасында товар сактоо сыяктуу ар кандай жеңилдиктер каралган.
ЧЭФ күндөлүгү: былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында жүк ташуу рекорд койду