Бишкек мэриясы Новопавловка көрүстөнү жабылганын жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ак-Ордо конушундагы Новопавловка көрүстөнүндө 5-сентябрдан тарта маркумдарды жерге берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим сөөк көмүлгөн жерди кароо жана санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Муниципалитет маркумдарды Аламүдүндүн Гроздь айылындагы көрүстөндө жерге берсе болорун белгилеген.
Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик орнотуп айланасын коруп алууга каршы болду