Комиссар Каттанини ойногон актер Кыргызстандын элчилигине барды. Сүрөт

Белгилүү италиялык актёр Кыргызстандын сунуштарын кароого даяр экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Белгилүү актер жана режиссер Микеле Плачидо Кыргызстандын эл аралык кинофестивалдарына акыркы тасмалары менен катышууга чакырылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Белгилүү актер 2024-жылдын 4-сентябрында Кыргызстандын Италиядагы элчилигине элчи Таалай Базарбаевдин чакыруусу менен барган.
Жолугушууда Плачидонун чыгармачылыгына урмат-сый жогору экени айтылып, режиссёрго Кыргызстан менен кызматташуу сунушталды.
Плачидо кыргыз тарапка Италия менен маданият тармагында кызматташууну активдүү өнүктүргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өзүнүн жеке киностудиясынын чыгармачылык ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Ошондой эле сунушталган демилгелерди биргелешип кароого даяр экендигин белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен долбоорлор боюнча диалог жүргүзүү макулдашылды.
Микеле Плачидо 1946-жылы 19-майда Италиянын Асколи Сатриано шаарында туулган. Микеле монастырдагы мектепте окуган, андан кийин армияга барып, ал жерден полицияга кызмат кылууга жөнөтүлгөн, бирок бала кезинен бери актер болууну кыялданчу.
Узак убакыт бою ал белгилүү режиссёрлор Лука Ранкони жана Жорджио Стрелер менен түрдүү театрларда иштеген. 1972-жылы Микеле "Жигит" телефильминде биринчи ролун ойногон. Ошол эле жылы "Тереза ууру" тасмасына тартылган. Бул анын чоң экрандагы дебюту болгон. Убакыттын өтүшү менен актёр тасмаларга көп чакырыла баштаган.
1980-жылдардын башында Микеле Плачидо өз мекенинде абдан белгилүү болгон. Ал эми эл аралык деңгээлде италиялык мафия тууралуу тартылган "Спрут" сериалындагы (1984-1989) комиссар Каттанинин ролу менен таанылган.
Дастан Жапардын "Качкын" тасмасынын премьерасы Пусан фестивалында көрсөтүлөт