Бишкекте скутер эки адамды коюп, бири каза тапты. Видео

Скутер жол ортосундагыларды сүзүп, каршы тилкедеги машина менен кагышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкекте скутердин айдоочусу жол ортосунда турган эки адамды сүзүп кетти. Алардын бири ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу ШИИББ кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя 3-сентябрь күнү саат 21:15те болгон.
"32 жаштагы Д.Т. Чүй проспекти менен батышты карай баратып жол ортосунда турган 29 жаштагы С.Н. менен 31 жаштагы С.Тны сүзгөн. Соккудан улам скутер каршы тилкеде бараткан Hyundai Sonata унаасы менен кагышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан 31 жаштагы С.Т. алган жаратынан каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилген. Ал эми скутерди башкарып бара жаткан 32 жаштагы Д.Т. кармалып, кылмыш иши козголду.
Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылган. Видео