Эттин баасы асман чапчыды. Бишкектин базарларынан репортаж

"Аламүдүн" базарындагылар эттин килограммы күнүнө 10 сомго кымбаттап жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктар эттин кескин кымбаттап кеткенине нааразы боло башташты. Ал эми Айыл чарба министрлиги кооптонууга негиз жок экенин айтып, баа олуттуу көтөрүлбөгөнүн билдирген.
Биз Бишкектин үч базарын кыдырып, эттин баасын салыштырып көрүүнү чечтик.
Алсак, шаардагы эң кымбат "Ак-Эмир" базарында уй этинин килограммы орто эсеп менен 750 сомдон сатылууда. Ал эми сулп эт 870 сом турат. Сатуучулардын айтымында, жеткирүүчүлөр этти кымбатыраак сата баштады.
"Аламүдүн" базарындагылар эттин килограммы күнүнө 10 сомго кымбаттап жатканын айтышты. Анда уйдун эти орто эсеп менен 700 сомдон сатылууда (сулп эт 780).
"Ош" базарында уй эти 680 сом болсо, мурда жүз сомго арзан сатылып келген. Үч базарда тең кой менен жылкы этинин баасы дээрлик өзгөргөн эмес.
Кыргызстанда эт эмнеге кымбаттап жатат? Расмий органдардын жообу